• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош: Парламенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21 /Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрь күнү Ош облусунда шайлоону таза өткөрүү боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов, Ош облусундагы райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, АШК, ИИМ өкүлдөрү, бир мандаттуу тизме менен бара жаткан кандидаттардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында шайлоону таза өткөрүү, мыйзам бузуу, добуш сатып алууга жол бербөө жана административдик ресурс колдонгон кызмат адамдарына чара көрүлүп жатканы тууралуу айтылды.

Тегерек столдук соңунда бир мандаттуу тизме менен бара жаткан талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү ортосунда жана жергиликтүү бийлик ички иштер кызматы ортосунда шайлоону таза өткөрүү, мыйзам бузуу, добуш сатып алууга жана административдик ресурс колдонгондорго чара көрүү тууралуу мемарандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий