• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош-Анжиян, Ош-Фергана жана Ош-Маргалан автобус каттамын ачуу пландалууда

Аймак 0

Ош, 04.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош-Анжиян, Ош-Фергана жана Ош-Маргалан шаарлар аралык автобус каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Талант Канатбек уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, шаарлар аралык Ош-Анжиян, Ош-Фергана жана Ош-Маргалан автобус каттамын жандандыруу күтүлүүдө.

Эми мурдагыдай Кыргызстан менен Өзбекстандын шаарлары ортосундагы автобус каттамы жанданат.

Тиешелүү документ эки өлкө башчынын келишиминин негизинде иштелип чыккан.

Ош менен Анжиян шаарынын аралыгы дээрлик 80 км, Ош-Фергана – дээрлик 120 км, Ош-Маргилан – дээрлик 100 км түзөт.

Пикир

Оставить комментарий