• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Араван - Ак-Буура каналында убактылуу суу токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Ош шаарындагы Араван - Ак-Буура каналында убактылуу суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун суу пайдалануучуларынын эгин талааларына сугат суу жеткирип берүүнү жакшыртуу үчүн Араван - Ак-Буура каналында капиталдык оңдоо, тазалоо жана кеңейтүү жумуштарын аткаруу үчүн 1-марттан каналга суу берүү убактылуу токтотулат.

Оңдоо-курулуш жумуштары 2019-жылдын апрель айына чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий