• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош автожолунда кар көчкүдөн коргой турган тоннель курулмакчы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Бишкек – Ош авто жолундагы көчкүдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында,Япониянын гранттык каражатына Бишкек – Ош авто жолунун 246-чакырымындагы кар көчкүдөн коргой турган узундугу 460 метр тоннелдин курулушуна жумшалат. Мындай тоннель жолду көчкүдөн толук коргойт. Бул багытта 38,2 млн доллар көлөмүндө грант бөлүнүүдө.

Андан сырткары, тармактык комитет «Жол техникаларын тейлөө мастерскойлорун өркүндөтүү» долбоору боюнча 4 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясында да жактырды. Ал 20 жылдан бери колдонулуп келаткан жол куруу техникаларын оӊдоого мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий