• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык турнир өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Ош шаарында “Алыш” күрөшүнүн негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баяман Эркинбаевдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, турнирге Өзбекстан, Казакстан, Россиядан, Кыргызстандын 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан 200дөн ашык спортчулар катышууда. Алар 10 салмактык категорияда таймашат.

Иш-чараны Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов ачып, өз сөзүндө шаардын коомдук турмушун өнүктүрүүдө спорттун маанисин, спортту жайылтууда жана таланттуу спортчуларды колдоодо жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүн белгилеп, бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле мелдештин ачылыш аземине ардагерлер жана спорттун эмгек сиңирген чеберлери, Б.Эркинбаевдин жакындары, машыктыруучулар, спортчулар, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери катышты.

Турнирдин жеңүүчүлөрү медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети. Турнирдин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө “спорт чебери” наамы ыйгарылат.

Мелдеш 25-26-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий