• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош – Баткен – Исфана трассасында унаа оодарылып, эки адам мерт болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.09.20./Кабар/. Ош – Баткен – Исфана трассасынын 11-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, натыйжада унаа оодарылып кеткен. Кырсык 11-сентябрда таңкы саат 06:37лер чамасында катталды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар жеткиче медиктер жабыркаган жарандарды ооруканага алып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 28 жана 15 жаштагы эки жаран жабыркап, 53 жана 46 жаштагы эки адам ооруканада каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий