• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда оор жүк ташуучу толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда оор жүк ташуучу “Хово” толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү саат 23:59 чамасында Лейлек районунда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 329-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу “Хово” үлгүсүндөгү унаанын салону толугу менен күйгөн.

Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий