• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, төртөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.11.17./Кабар/. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, төртөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 14-ноябрда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 335-чакырымында катталган. Анда "Хонда-Степ" унаасы менен "Жигули" унаасы кагылышып, 3 адам каза болуп, төртөө жабыркаган.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин 74-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаанын ичинде кыпчылып калган адамдарды чыгарып беришкен.

Жабыркагандар жана каза болгондордун жансыз денелери тез жардам кызматынын унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий