• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан кыпчылып калган айдоочу куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.11.17. /Кабар/. Куткаруучулар Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан кыпчылып калган айдоочуга жардам көрсөтүштү,-деп кабарлашты ӨКМдин басма сөз кызматы.

Алдын ала маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 9-ноябрда болжол менен түнкү саат 01:27 чамасында катталган.

“Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда “Хундай Портер” жана “Спринтер” үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, “Хундай Портер” унаасынын ичинде кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, ооруканага жеткиришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий