• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош Баткен облусуна 100 тонна гуманитардык жүк жөнөттү

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда шаардын борбордук аянтында Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаары менен Ош облусунун биргелешкен борбордук штабынан Баткен облусуна жалпысынан 100 тонна гуманитардык жүк жиберилди.

"Анын ичинде азык-түлүк, биринчи керектелүүчү жана гигиеналык каражаттар бар. Бул иштерге ыктыярчылар, активисттер, спортчулар, кайдыгер эмес жарандар тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, ЖК депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында штаб түзүлүп, алар дагы Баткен облусунун жашоочуларына жардам көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий