• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош базарда жүргүнчү ташыган маршруткага столба кулап түштү – фото, видео

Коом 0


Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Бишкектеги Чүй жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде (Ош базардын жанында) жүргүнчү ташыган маршруткага жана бир жеңил унаага электр мамысы кулады. Бул тууралуу окуя болгон жерден күбөлөр кабарлады.

Маалыматка ылайык, троллейбус жүрүп бараткан учурда электр линиясы тартылып калып, натыйжада столба кулап калган.

"Көрсө, столба дат басып, өзү эле кулайын деп калган экен. Троллейбустун линиясы тартылып кеткен кезде ага күч келип, жүргүнчү ташыган маршруткага кулап түштү", - деп билдирет окуянын күбөсү.

Күбө билдиргендей, окуядан эч ким жабыркаган эмес.

"Кырсык эки саат мурда болду, бирок, азырынча эч ким келген жок. Жолдо унаа тыгыны пайда болду. Көргөнү келген элдин айынан, Чүй проспектинде тыгын болуп, унаалар араң өтүүдө".

Окуя болгон жерге авариялык кызматтын унаасы жана адистери келген.

Пикир

Оставить комментарий