• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош базардан дары сатып алып, аны сайдырган жигит көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Бишкектеги поликлиникада укол сайдырган 29 жаштагы эркек киши каза тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 16-июнда саат 11:11лер чамасында “102” кызматына №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 29 жаштагы адамдын каза болушу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда алгачка маалыматтар алынган. Ага ылайык, ошол эле күнү 29 жаштагы К.Ж. аттуу жаран №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна өзүнүн дарысын сайдырып алуу үчүн келген. Укол алгандан кийин эс-учун жоготуп, кийин каза болгон.

Ал жаран аталган медициналык мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары каттоодо турган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан билдиришкендей, көз жумган жаран дарыны Ош базардан сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий