• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош базардын аймагында дагы өрт чыгып, өчүрүүгө 6 бөлүм тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Бишкектеги Бейшеналиев-Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ош базардын аймагында өрт чыккан. ӨКМден кабарлашкандай, өрт кечээ, болжол менен түнкү саат 23:39дар чамасында өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат жалпысынан 6 бөлүм, Штаб жана КБП тартылган. Ошондой эле ИИМнен кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада жана тазалык ишканасынан 1 водовоз тартылган.

"Ош базардын аймагында чыккан өрт саат 00:52 чектөөгө алынып, өрт саат 03:31де толук өчүрүлгөн. Кийим-кече сатылуучу контейнерлер күйгөн, болжол менен 500 чарчы метр күйгөн", - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий