• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Ош базарынын айланасы башаламан соода-сатыктан тазаланды

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиаты Ош базарынын аймагында үзгүлтүксүз рейддерди өткөрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара шаардык администрациянын адистери, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын, райондук жана шаардык кызматтардын адистеринин катышуусунда уюштурулду.

Рейд учурунда 33кө жакын объект алынды. Алар - чатырлар, шатёрлор, столдор, отургучтар, манекендер, арабалар. Кызматкерлер соодагерлер менен базардын белгиленген чегинен тышкары жерде коммерциялык ишмердүүлүктү болтурбоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Рейддик иш-чаралар муниципалдык администрация тарабынан үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий