• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Ош базары» соода-рынок комплексиндеги өрттөн жабыркаган ишкерлер менен жолугушуу болду

Өкмөт 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рынок комплексинин өрттөн жабыркаган ишкерлер менен жолугушууга барды.

Жолугушууда жабыркагандар сооданын жүрүшү тууралуу айтышып жана өз өтүнүчтөрүн билдиришти - тактап айтканда, соодагерлер экспертизанын жүргүзүлүшүн тездетип, өрттөнгөн имараттарды калыбына келтирүүнү өтүнүштү.

Замирбек Аскаров ишкерлерди уккан соң, аларга аталган багыттагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Биз «Сейтек» ЖЧК, «Берекет» ЖАК жетекчилигине жабыркаган имараттарды жана соода аянтарын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин тездетүү сунуштамасын бердик. Бирок алгач биз жабыркаган имараттарды жана аянттарды тийиштүү экспертизадан өткөрүүбүз керек. 10-майга карата бизге тийиштүү маалыматтар берилет. Учурда ишкерлерден документтерди жана арыздарды кабыл алуу боюнча штаб иш алып барууда, ал жакка сиздер да кайрылсаңыздар болот», - деди ал.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттиги 2018-жылдын 25-майына чейин мыйзамда каралган тартипте имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону жыйынтыктамакчы.

Ошондой эле вице-премьер-министр маалымдагандай, финансы-кредиттик уюмдар менен жабыркаган ишкер субъектилеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо боюнча иштер жүрүүдө.

«Ош базары» соода-рынок комплексинин жана Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында 2018-жылдын 13-апрелинде орун алган өрт кесепетинен келтирилген зыянды баалоо боюнча Комиссиянын мүчөлөрү дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий