• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош базарында “байке түшүңүз” деп соодалашканымды көрүп таң калышкан — Афганистандык студент менен маек

ТАГДЫР 0

Жердештерибиз билим алуу максатында алыскы Америка, Европа сыяктуу өлкөлөрдө кетишүүдө. Кыргызстандын билим берүүсүнө караганда жогору деген ойдо чет жактан окуусун улантууда. Бирок, Кыргызстанды атайын тандап келген чет элдиктердин саны да аз эмес. Алардын бири Афганистандан келген Изатула Мурадий.

Афганистандын “Жузижан” шаарынан келген Изатула Мурадий учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн 2-курсунун студенти. Кыргызстанга келгендеги сезимдери, кыргыз тили, жери жана эли туурасында маек курдук.

— Кыргызстан тууралуу алгач кимден угуп калдың?

— Досумдан уктум. Ал мага Кыргызстанда “Манас” университети бар, кыргызча, орусча жана түркчө үйрөтөт экенин айткан. Сабактар да түркчө болот дегенден кызыгуу жаралган. Интернет тармагынан да университеттин кандай экенин карап, окуп чыккам. Кайсы жерде экенин карап, Кыргызстан деген мамлекет бар экенин билдим. Ата-энеме айтканда биринчи суроосу “Кыргызстан кайсы жакта” деп сураган. Мен да жакшы билбейт болчум. Жакындарым Казакстан деп ойлошкон башында. Чогуу картадан караганда кичинекей мамлекет экенин көрдүк. Эч ким мага каршы болгон жок. Эгер сен кааласаң, сага жаккан болсо, анда бизге да жакты дешкен. Бала кезибизден бери бирге чоңойгон эки жакын досум бар эле. Алар Түркияга же башка мамлекетке окуганга барбайсыңбы деген. Бирок, мага бул жак жагып жаткан, орусчаны да үйрөнөт экенмин деп бул жакка келдим.

— Кичинекей мамлекет экенин интернет тармагынан көргөндөн кийин кандай өлкө деп элестеттиң?

— Келээрден мурун, Советтер союзу менен биргеликте болгон экенин укканмын. Интернеттен да бир аз карап чыккам. Көпчүлүгү орусча сүйлөшөт деп уккам. Кыргызча кандай тил болгонун билгим келген.

— Кыргызстанга келгениңдеги алгачкы сезимдерин менен бөлүшүп кетсең?

— Биринчиден абасын жактырдым. Таза аба экенин, бирок досторум айта баштагандан кийин Бишкектин абасы анчалык таза эмес экенин биле баштадым. Кандай болсо да абасы мага жакты. Башкача элестеткем, келгенде бул жакта орустар көп болса керек деген ойло кеткен. Көрсө, андай эмес эле кыргыздар көп экен да. Жаңы келгенде орусча же кыргызча билбейм. Англисчени билгеним менен эч ким ал тилде сүйлөбөйт. Башында тил жагынан кыйынчылыктар болду.

— “Манас” университетинде кээ бир сабактар кыргызча өтүлөт эмеспи. Кыргыз тилин үйрөнүү кыйынга турдубу?

— Кыргыз тилин үйрөнүү мага аябай кыйын болду. Бул жакка да бир ай кечигип келдим. Мен келгенден кийин бир жума өтпөй экзамендер башталып калды. Мен жаңы келип жатсам, кыргызчам анча жакшы эмес эле да. Бир жума окусам да группалаштарыма жетпей калдым. Досторум, мугалим жардам берип жатып акырындап үйрөндүм. Сүйлөгөндү тезирээк өздөштүрдүм, ал эми жазуу менен грамматикасы татаалга турду. Аябай кыйналдым, биз арабча жазабыз, Кыргызстанда кириллица алфавитин колдонгондуктан үйрөнүү кыйын эле болду.

— Бишкекте окууганыңа 3 жыл толуптур, бул аралыкта кандай өзгөрдүң?

— 3 жыл ичинде тил багытында бир топ эле өзгөрүү болду десем болот. Бул жаатында эч көйгөй жок. Кайсы жерге барбайын кыргызча сүйлөп, өз оюмду эркин жеткире алам. Аны менен бирге орус тилин үйрөндүм. Ал эми, англис тили менде бар болчу, бул жакка келгенге чейин билчүмүн. Андай болсо да англис тилин кайра кайталап, бышыктадым. Негизинен жакшы жагына өзгөрдүм деп айта алам.

— Англис тилин билгендиктенби эл аралык мамилелер тармагын тандап алдыңбы?

— Башында мен бул кесипти тандаган эмес элем. Бизде 5 тандоо берилген, кайсы тармагына өткүң келсе ошону биринчи жазыш керек эле. Биринчисине компьютердик инженерияны (программист) жазган болчумун. Жыйынтык чыкканда менин баллым жетпей калып кийинки жазган эл аралык мамилелерге өтүп калыпмын. Байкелериме айттым, өзүм да бул жакка компьютердик инженерия тармагына окуйм деп келген болчумун. Анткени, өзүм компьютерди жакшы билет элем, азыр да жакшы билем. Досторум да айтып калышты эл аралык мамилелерге эле окуу, пайдасы көбүрөөк тиет деп. Анан ошентип бул тармагында окууну чечип, азыр 2-курсунда окуп жатам.

— Эки өлкөнүн билим берүү системасындагы айырмачылыктарын байкадыңбы?

— Ооба, айырмачылыгы сөзсүз бар. Бул жакта кышында окушса бизде 3 ай эс алышат. Тескерисинче жайында эс албай окуйбуз. Кышында Бишкекте бардык шарттар бар. Бизде электр системалары салыштырмалуу жакшы эмес. Калган жагынан алганда негизинен окшош экен.

— Кыргыз тамак-ашына кандай баа берет элең?

— Тамактарынын окшоштугун көрдүм. Мисалы куурдак, шишкебек, манты, шорпо тамактары бизде да бар. Плов дагы бар, бирок айырмасы жүзүм кошулат. Бул жакта сабиз менен эт кошуп жасалат экен. Кээде пиязды кошконун да байкадым. Кыргызстан сыяктуу эт көп желбейт, жашылча жемиштер менен мөмө жемиштерге басым жасайбыз. Бишкектеги базарлардан мөмө жемиштерди карасаң кымбат. Бизде өзүбүздө өскөндүктөн арзан турат.

— Кышкы суукка тез эле көнүп кеттиңби?

— Келгенде 1-2 жыл кыйынга турду. Жаңы жерге келгенде бүт жагынан кыйынчылык болот эмеспи. Бир эле аба ырайы эмес, коомго, тилге жана жерге көнүү убакытты талап кылат экен. Ооруп калган учурлар да болду, сабакка катыша албай жүрдүм. Азыр көнүп калдым.

— Кыргызстанды кыдырып чыксаң керек, кайсы жерлерине саякат жасадың?

Ооба, Ысык-Көлгө, Чолпон-Ата, Кара-Кол, Жети-Өгүз жерлерине саякат жасадым. Май айында барганбыз, жамгыр жаагандыктан биз машинеден чыкпай терезеден карап жүрдүк. Жамгыр токтогондо сууга түшкөнгө жетиштик. Жети-Өгүзгө барганда тоого чыгып анан кетмекпиз, кеч болуп калгандыктан унаабызда түнөгөнбүз.

— Кыргыз эли меймандос деп тээ илгерки тарыхтан бери айтып келебиз. Чет жерден келиптир деп сага кылган мамилеси туурасында сөз кылсаң

— Аябай жакшы мамиле кылышты, жаман деп айта албайм. Конок тосуусуна баа бердим. Досторум үйлөрүнө чакырып коноктогонунан байкадым. Айта кетчү нерсе, коом жаман болбойт, адам жаман болот. Мындай көрүнүш ар бир элде болсо керек. Мен бир жакка барганда менин чет жактан келгенимди байкап, акчаны көбүрөөк алганга аракет жасашат. Ушунусу мага жага бербейт, калганы баары жакшы. Дагы айта кетчү нерсе, биз бул жакка келип окуп кетебизда. Силердикиндей бизде да мейманды сыйлоо деген бар. Бирок, милиция кызматкерлеринин мамилеси жакшы деп айта албайм. Досторума жаман мамиле кылып алардан акча алган экен. Эмне себептен берип жатканын билбейм. Паспортуң каякта деп алса керек, бирок ал учурда визада болчу. Ал эми, мени менен сүйлөшкөндө акча барген жокмун.

— Ар бир өлкө өз ара өзгөчөлүгү менен айырмаланаары баарыбызга маалым. Кыргызстандын кандай өзгөчөлүгүн байкадың жана сени таң калтырган нерсе эмне болду?

— Таң калган нерсем бул жакта майрамдар өтө көп. Бизде Рамазан, Курбан майрамдары эле бар. Кыргызстанда ар бир айда 2-3төн майрамы бар экен. Ошондой эле, Курбанбы кайсы бир майрамды бул жакта бир эле күн майрамдашат экен. Негизинен мусулман өлкөлөрүндө 3 күн майрамдашат да. Ушуга да таң калдым, булар эмне билишпейби же кабары жокпу деген ойлор келген.

Маршруткага биринчи жолу отуруп, кыйналганым эсимден кетпейт. Бир аз жол жүргөндө эле жүрөгүм айланып, кузгум келип маршруткадан түшкөнгө аргасыз болгом. Бизде 20-30 киши отургандан кийин эч кимди албайт. Бишкектин өзгөчөлүгү ушунда окшойт, маршрутка, троллейбуска кишини сала эле берет дем алыш кыйын болуп калат (күлүп).

Ош базарга кыргыз досум менен биринчи жолу барган болчумун. Кээ бир кыргызча сөздөрүм түгөнүп калганда жардам берип турчу. Кыргызча сүйлөшкөнүмдө баары таң калган. Чет жактан келгендер, мисалы сатуучу 20 сом десе ала беришет да, мен болсо “байке түшүңүз” деп соодалашканымды көрүп дагы бир жолу таң калышты эле.

— Келечекте кандай ой-максаттар бар?

— Азыр жакшылап окууну бүтүрүш керек. Жайында Афганистандын Кыргызстандагы элчилигинде иштегем, буйруса окууну бүтүрүп ошол жакка иштейм деген пландар бар. Магистратураны да бул жактан бүтүрөм, эгер болбой калса Түркиядан окуйм.

Даярдаган Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий