• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош базарында чыккан өрттүн баары теӊ атайлап жасалган болушу мүмкүн - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.04.18 /Кабар/. Ош базарында чыккан өрттүн баары теӊ атайлап жасалган болушу мүмкүн. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊеште Бишкек шаарындагы Ош базарында жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрттөрдүн себептери жөнүндө маселе өкмөт мүчөлөрү менен кырсыктан жабыр тарткан жарандардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралып жатканда билдирди. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрин өрттөн жабыр тарткан жарандар менен жакшылап сүйлөшүп көрүүгө чакырып, ошондо кыйла кызыктуу фактылар ачыкка чыгарын кошумчалады.

ЖК басма сөз кызматы маалымдагандай, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош базарында болгон акыркы өрт жөнүндө 50 мүнөттөн кийин билдирүү түшкөнүн баса белгиледи. «Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, атайлап өрттөө – тергөө жүрүшүндөгү бир жоромол. Ош базарындагы өрт түнкү саат үчтө башталса, ал жөнүндө билдирүү 3:50дө түшкөн. Ошончо убакыт өрттүн күчөшүн күтүп тургандай туюм калтырат. Өрт үч тараптан бир маалда башталганы ушундай ойго түртүүдө. Эми анын чындыгын тергөө амалдарынын жыйынтыгы көрсөтөт», - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий