• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ош” базарында чыккан өрттүн болжолдуу себеби айтылды

Коом 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Бишкектин “Ош” базарында катталган өрт боюнча ИИМ тарабынан кылмыш иши козголду. Кырсыктын болжолдуу себеби атайылап өрттөө болушу мүмкүн делген версиялар да каралууда. Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынын маалыматы ылайык, “102” нөөмөт бөлүмүнө бүгүн, 13-апрелде болжол менен саат 3:50 чамасында өрт тууралуу билдирүү түшкөн.

Коомдук коопсуздукту жана тоскоолдуксуз каттамды камсыз кылуу максатында өрт чыккан жер ӨКМ жана башка кызматтын кызматкерлери тарабынан курчалган.

Бардыгы болуп ИИБдин 800гө жакын кызматкери тартылган.

“Жеринде Бишкек ШИИББнин жана Ленин райондук ИИБнин ыкчам тобу иштеп жатат. Бардык материалдар Ленин райондук ИИБде катталды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Экспертизанын жыйынтыгында өрттү иликтөө боюнча юридикалык баа берилет”,-деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук камсыз кылуу максатында милиция кызматкерлери соода түйүндөрүнүн кожоюндары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүшөт.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ош” баразындагы “Берекет” соода базарынан өрт чыккан. Саат 7:40та өрт чектөөгө алынган. Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борборунун консультанты Елена Баялинова билдиргендей, таң эрте чыккан өрттөн медициналык жардам сурап 8 адам кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий