• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош базарында дагы өрт чыгып, 700 чарчы метр аянт күйдү

Кырсык 0


Бишкек, 06.03.18. /Кабар/. Бишкектеги Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Сейтек” базарында өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянты күйгөн.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматы ылайык, өрт кечээ, 5-мартта болжол менен саат 21:07 чамасында чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 4 бөлүм, КР ӨКМнин алдындагы ККББнан КБП (ППУ) унаасы менен ыкчам тобу 4 адам, КР ИИМнен 100 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 3 унаа жана Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан 2 суу ташуучу унаасы тартылган.

“Өрт саат 22:13тө өрт чектөөгө алынып, саат 00:40та толугу менен өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий