• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Ош” базарында жана Жалал-Абаддын борбордук базарындагы өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча токтом кабыл алынат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште ушул жылдын 30-январда, 5-мартта, 13-апрелде Бишкек шаарындагы “Ош” базары соода-рыноктук комплексинин аймагында жана 13-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрттөрдүн себептери жөнүндө маселе өкмөт мүчөлөрү менен кырсыктан жабыр тарткан жарандардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн чыгуу себептерин аныктоо жана анын кесепетин жоюу чаралары жөнүндө маалымат берген вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун айтымында, “Ош” базарындагы 30-январда болгон өрттөн 3,5 миӊ чарчы метр, 5-марттагы өрттөн 2 миӊ чарчы метр, 13-апрелдеги өрттө 2 миӊ чарчы метр соода жайы күйгөн. «Өкмөт тарабынан өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү тарабынан токтом кабыл алынып, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Азыр жабыр тарткан жарандардын саны такталууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, 74 ишкердик субъект 17 млн сом көлөмүндө зыян тарткан», - деди ал.

Талкууда эл өкүлдөрү тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн акыркы мезгилдерде өрт кырсыктарынын келип чыгышына эмне себептер: мыйзам актылары жетишпейби, мыйзам талаптары же өрт коопсуздугун сактоодогу талаптар аткарылбай жатканыбы, кандай себептер болуп жатканына кызыгышты. Депутат Дастан Бекешев аталган базарлардагы күйгөн жерлердин ээлери видео байкоолорду орнотуп, күзөт чараларын күчөтүүлөрү керек болчу деген оюн айтып, бул багытта атайын мыйзам бар экенин эске салды. Ошондой эле депутат техникалык коопсуздук маселесин базар ээелери өздөрү камсыздашы зарыл экенин, андыктан баардык дооматтарды базар ээлерине коюу керектигин баса белгиледи. Ал эми депутат Айтмамат Назаров өрт кырсыктарын алдын алуу чаралары көрүлбөй жатканын сынга алды.

Бир катар эл өкүлдөрү мамлекеттен эч кандай жардам албай, өз оокаттарын жүргүзүп келген, өрттөн жабыркаган соодагерлерге банктан алган насыяларына жеңилдиктерди берүү боюнча көмөк көрсөтүүнү талап кылышты.

Депутат Алтынбек Жунус уулу “Ош” базарын көчүрүп, соодагерлерге кайра иш жүргүзүүсүнө шарт түзүү өтө кыйындыгын айтып, андан көрө базардагы ички тартипти дурустап жолго коюу керектигин сунуш кылды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков аткаруу бийлик өкүлдөрүнөн өрттөн жабыркаган соодагерлерге жеңилдиктерди берүү маселеси чечиле тургандыгын, “Берекет” соода түйүнү эч жакка көчүрүлбөстүгүн, базар ээси тарабынан жабыркагандарга соода кылган жерлерин жана ижара акысы боюнча жеңилдик берилерин тактады. Ал тергөө жыйынтыгы менен күнөөлүү болгон жана шалаакылык кылган жактар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтып, бул маселелерди көзөмөлгө алаарын баса белгиледи.

“Максималдуу пайда табуу максатында базарларда орундар соода түйүндөрү үчүн берилип санитардык ченемдер, өрт коопсуздугу боюнча талаптар сакталбай келет. Тиешелүү органдар керек болсо мындай базарларды жаап туруп, талаптар аткарылгандан кийин уруксаат берүү керек”.- дейт депутат Азамат Арапбаев. Мындай пикирду улаган бир катар эл өкүлдөрү базар ээлеринин жоопкерчилигин да кароо зарылдыгын кошумчалашты.

10 күн мурун эскертүү берип, анан текшерүү жүргүзүү натыйжасын бербей келе жатканын айткан КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов текшерүү жүргүзүү саясатын өзгөртүү керектигин белгиледи. Ошону менен катар К.Боронов көзөмөл функциясы бир органда болушу керектигин кошумчалады.

Депутат Кожобек Рысбаевдин пикиринде, “Ош” базарындагы көйгөйлөрдүн баарын мыйзам талаптарына шайкеш келгендей кылып комплекстүү кароону сунуш кылды.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен парламенттин тармактык комитеттеринен өткөндөн кийин Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынмай болду.

Пикир

Оставить комментарий