• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош базарындагы башаламан соода-сатыкты жоюу боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаевдин төрагалыгы астында "Ош базары" соода комплексинин айланасындагы башаламан соода-сатыкты жоюу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын маалыматына караганда, жолугушууга "Ош базары" соода-оюн-зоок комплексинин аймагындагы ишкердик субъекттер: "Беш-Сары" соода борбору, "Берекет Универсал" соода борбору, "Берекет Гранд" соода борбору, "Кыял" мамлекеттик ишканасы, Элдик чеберлер союзу жана башка субъекттер, ошондой эле шаардык жана райондук кызматтар катышты.

Катышуучулар базардагы башаламан сооданы жоюу боюнча биргелешкен планды иштеп чыгуу, базардын ичинде стихиялуу соодагерлерди жайгаштыруу маселелерин талкуулашты.

Соода эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти кароо сунушу да айтылды.

Пикир

Оставить комментарий