• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош базарындагы бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.18. /Кабар/. Ош базарынын жанында бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине милициядан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, базардын жанында эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Ал эми калаадагы опера жана балет театрынын жанындагы чемодандын ичинде кийимдер болгон.

Эске сала кетсек, күн мурун милицияга Ош базарында бомба коюлгандыгы жана опера жана балет театрынын имаратынын жанында шектүү чемодан жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий