• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош базарындагы чөнтөк уурулары менен күзөт ишканасы "күрөшөт"

Коом 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ош базарында чөнтөк уурулары менен "күрөшүү" үчүн "Москва" жеке күзөт ишканасы жалданды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургундарынын жана конокторунун көптөгөн кайрылууларына байланыштуу Ленин райондук акимиаты Ош базарынын айланасын иретке келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Учурда Ош базарынын жетекчилиги соодагерлерди жана кардарларды чөнтөкчүлөрдөн коргоо үчүн “Москва” жеке күзөт ишканасын ишке тарткан.

Муниципалдык администрациянын кызматкерлери күзөт кызматы менен биргеликте Ош базарынын борбордук өтмөгүн таштандылардан тазалашып, кардарлардын коопсуздугу үчүн тосмолор орнотулган.

Ошондой эле акимиаттын кызматкерлери сатуучулар жана кардарларга жерге коюлуп сатылган тамак-аштардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий