• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Ош” базарындагы өрт: Базардын директору жана кызматкери кармалды

Коом 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Ош базарынын аймагындагы “Берекет” базарындагы өрткө байланыштуу соода борборунун директору Рафат Момкулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашид Сапаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бишкек шаардык ИИБдин Тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, калаадагы базарда катталган үч өрт боюнча эки беренеге ылайык кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, учурда өрт эмне себептен келип чыккандыгы азырынча белгисиз, бирок атайылап өрттөлдү деген версия да каралууда.

Жакында эле катталган өрттүн кесепебинен 900 соода түйүнү күйүп кеткен. Өрттүн акыркы тыянагы экспертиза аягына чыккандан соң 10 күндүн ичинде маалым болот.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аларга айып тагылган, баш коргоо чарасы эми каралат.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ош” базарынын айланасындагы “Берекет” соода базарында 2018-жылдын 13-апрелинде өрт чыккан. ӨКМ кызматына өрт тууралуу билдирүү болжол менен саат 03:50 чамасында түшкөн. “Ош” базарындагы өрттүн болжолдуу жалпы аянты 5,5 миң чарчы метрди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий