• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош базарындагы өрт бир сааттын ичинде өчүрүлөт- Боронов

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ош базарындагы өрт чектөөгө алынды, толугу менен бир сааттын ичинде өчүрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтуусунда, өрттүн болжолдуу аянты бир нече миң чарчы метрди түзөт.

“Болжол менен өрттүн себеби электр чубалгылардын кыска туташуусунан келип чыккан деп атабыз”,-деп билдирди ал.

Боронов билдиргендей, өрттөн жабыркагандар жок.

“Башкача айтканда эч ким күйүк алган жок. Балким, дарыгерлерге газдан ууланып кайрылгандар бар чыгаар”,-деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, бүгүн, 30-январда болжол менен эртең мененки саат 09:48 чамасында Бишкектеги Ленин районунун Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сейтек базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Мурда өрттү өчүрүү үчүн 8 бөлүм тартылгандыгы тууралуу маалымдалган.

Өрттү өчүрүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Окуяны жеринде министр Кубатбек Боронов өзү жетектеп жүрөт.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий