• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ош” базарындагы өрт: Болжол менен 5,5 миң чарчы метр аянт күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 14.04.18. /Кабар/. “Ош” базарындагы өрттүн болжолдуу жалпы аянты 5,5 миң чарчы метрди түзөт,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ош” базарынын айланасындагы “Берекет” соода базарында 2018-жылдын 13-апрелинде өрт чыккан. ӨКМ кызматына өрт тууралуу билдирүү болжол менен саат 03:50 чамасында түшкөн.

“Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 7:40 чамасында чектөөгө алынып, кечки саат 19:46да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн болжолдуу аянты 5412 м2 түзгөн. Келтирилген чыгым жана кырсыктын себеби такталууда, атайлап өрттөлгөн деген божомолдор да каралууда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий