• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош базарындагы өрт толугу менен өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Бишкектеги Ош базарында чыккан өрт толугу менен саат 18:29да өчүрүлдү,-деп кабарлашты ӨКМнин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен болжол менен базардын үч жарым миң чарчы метр аянты күйгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-январда болжол менен эртең мененки саат 09:48 чамасында Бишкектеги Ленин районунун Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сейтек базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 12 бөлүм тартылган.

Окуяны жеринде министр Кубатбек Боронов өзү жетектеп турду. Азырынча өрт эмне себептен чыккандыгы тууралуу маалымат жок.

Пикир

Оставить комментарий