• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ош” базарындагы өрт: Жабыркагандардын саны 8 адамга жетти

Коом 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. “Ош” базарында чыккан өрттөн жабыркагандардын саны сегиз адамга жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек Тез жардам кызматынын жандандыруу станциясынын башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, медициналык жардам сурап сегиз адам кайрылган, алардын жетөө өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери, бирөө базардын кызматкери.

“6 адам күйгөн заттардан ууланышкан, 1 – термикалык күйүк, 1 – колун кесип алган”,-деп билдирди Борисов.

Ал кошумчалагандай, жабыркагандардын бардыгына жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн, ооруканага жаткыруунун кажети жок.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ош” баразындагы “Берекет” соода базарынан өрт чыккан. Саат 7:40та өрт чектөөгө алынган. Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий