• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ош базарындагы” өрттүн кесепетинен келген чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча Комиссиянын кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетовдун төрагалыгы астында кечээ, 5-февралда, Бишкек шаарында 2018-жылдын 30-январында “Ош базары” соода комплексинин аймагында орун алган өрттүн кесепетинен келген чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча Комиссиянын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында жабыркаган ишкерлердин бардык зарыл документтерин чогултуу маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле жабыркаган субьектилерди колдоо боюнча кошумча механизмдерди иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Борбордун Ленин райондук администрациясына ишкер субъектилеринин документтерин чогултууну уюштуруусу тапшырылды. Мындан тышкары тийиштүү мамлекеттик органдарга калыбына келтирүү иштерин баштоо үчүн корутунду берүүнү тездетүүсү тапшырылды.

Комиссияга үстүбүздөгү жылдын 1-мартына дейре Кыргыз Республикасынын ишкер субъектилерине келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана аныктоо, ошондой эле “Ош базары” соода комплексинин аймагындагы өрттүн кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын ишкер субъектилеринин тизмесин бекитүү милдети тагылды.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-февралындагы № 75 токтому аркылуу өрттүн кесепетинен келген чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча Комиссия түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий