• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош базарындагы өрттүн себеби жана келтирилген чыгым такталууда

Коом 0

Бишкек, 31.01.18. /Кабар/. Ош базарында чыккан өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрттөн жалпысынан 118 соода түйүнү күйүп кеткен.

“КР ӨКМнин 12 куткаруучусу, өрт-куткаруу бөлүмдөрү жана жашылдандыруу ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, ИИМ кызматкерлери жана медициналык тез жардам кызматы тартылган.

Саат 12:28де өрт чектөөгө алынып, саат 18:29да толугу менен өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий