• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош базарындагы өрттөр: Жетекчилик өрттүн алдын алуу үчүн чараларды көргөн эмес – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Ош базарынын жетекчилиги акыркы учурда базардын аймагында болгон өрттөрдүн алдын алуу үчүн чараларды көргөн эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, базардын айланасынын баары тосулгандыктан, өрт өчүрүүчү унааларга кирүүгө жол жок болгон. Бул бузуулардын баары ушундай кесепеттерге алып келген.

“Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын эки инспекторуна карата алар кызмат адамдары болгондуктан, кылмыш иши козголгонун белгилеп өтөйүн. Учурда текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгында эки кызматкердин аракеттерине юридикалык баа берилет. Эмнеге алар коопсуздук нормаларын бузууларды аныкташкан эмес?”, - деди Утемисов.

Эске салсак, Ош базарында быйыл 3 өрт чыккан. Биринчиси 30-январда, экинчиси 6-мартта, үчүнчүсү 13-апрелде болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, базарды өрттөп жиберишкен болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий