• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош базарынын айланасындагы башаламан сооданы жок кылуу максатында рейд жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Ленин райондук администрациясы укук коргоо органдары менен биргеликте Ош базарынын айланасында рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейд Рыскулов – Бейшеналиев – Москва – Павлов көчөлөрүндө өткөрүлгөн.

Иш чара укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жана мэриянын кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлдү.

Рейд жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, баш аламандыкта соода кылууну азайтуу максатында өткөрүлдү.

“Иш чаранын жүрүшүндө базардын айланасында жайгашкан жатаканалар, сауналар, соода түйүндөрү текшерилди. Ленин райондук администрациясы тарабынан салык төлөбөгөн эки факты аныкталып, 2 акты түзүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий