• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош: Билим берүү, курулуш, укук коргоо, маданият тармагына салым кошкондор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Ош шаарында 2019-жылы билим берүү, курулуш, укук коргоо, маданият тармагына өзгөчө салым кошкондор сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэриядан кабарлашкандай, кун мурун Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп, анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфратүзүмүн өнүктүрүүгө кошкон салымы, 2019-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрүн жана маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышкандыгын баалоонун жыйынтыгы менен “Эң мыкты” мекемелер жана ишканалар Ош шаарынын мэриясынын диплому жана 10 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Тизме:

-“Коргонуу, укук коргоо, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар тармагындагы эң мыкты мекеме” номинациясы – Ош шаардык ички иштер башкармалыгы;

-“Укук коргоо, экономикалык жана коорупцияга каршы күрөшүү тармагындагы эң мыкты мекеме” номинациясы – Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы;

-“Экономика, каржы тармагындагы эң мыкты мекеме” номинациясы – Финансы министрлигинин Ош башкармалыгы;

-“Шаардык чарба жана транспорт тармагындагы эң мыкты муниципалдык ишкана” номинациясы – Ош муниципалдык “Жылуулуккамсыздоо”ишканасы;

-“Шааркуруу жана архитектура тармагындагы эң мыкты мекеме” номинациясы- “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы;

-“Социалдык жана маданий өнүгүү тармагындагы эң мыкты мекеме” номинациясы – Ош шаардык маданият башкармалыгы;

- “Ош шаарындагы эң мыкты жогорку окуу жай” номинациясы- Кыргыз-Өзбек университети;

- “Ош шаарындагы эң мыкты орто мектеп” номинациясы- №32 Жолон Мамытов атындагы орто мектеби;

-“Ош шаарындагы эң мыкты балдар бакчасы” номинациясы – №1 “Жибек” балдар бакчасы;

-“Эң мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” номинациясы – Ош шаарынын мэриясынын №4 “Манас Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгы;

-“Ош шаарындагы эң мыкты саламаттык сактоо мекемеси” – “Ош шаардык мамлекеттик залалсыздандыруу бекет” мекемеси.

Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жана Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасы сыйланды.

Сыйлыкты Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий