• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: бир катар ишкерлер өздөрүнүн обьектилеринин жанындагы тротуарларды оңдоого даяр

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. 14-февралда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте бир катар ишкерлер менен көчмө жыйын өткөрдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мында ишкерлердин обьектилеринин алдындагы тротуарларды ремонттоо жана айланасын жакшыртуу багытында сөз жүрдү. Мэрдин демилгеси менен калаадагы тротуарларды реконструкциялоого ишкерлерди да тартуу боюнча иш жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин мындай жолугушуу Домбыта имаратынын жана Масалиев-Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы көп кабаттуу үйдү курган тараптардын өкүлдөрү менен болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий