• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: бир катар көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет

Аймак 0

Бишкек, 14.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын Масалиев-Раззаков-Бабараимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун протоколдук буйругуна ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кыймылын иретке келтирүү максатында Ош шаарына КР ИИМдин Республикалык адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялык башкармалыгынын тиешелүү адистери чакырылган.

Алар жол кызматынын адистери менен биргеликте Ош шаарынын унаа кыймылы эң көп болгон кесилиштерин карап чыгышты, анын ичинде: Масалиев – Навои, Масалиев– Монуев, Курманжан-Датка – Навои, Ленин – Навои жана Курманжан-Датка – Г.Айтиев. Бул жерлерде жол тыгындарынын пайда болушуна жол бербөө максатында светофорлордун циклдары өзгөртүлөт. Мындан тышкары, Масалиев-Раззаков-Бабараимов көчөлөрүнүн кесилишинде иш-чаралардын планы түзүлүп, ага ылайык, аталган кесилиште бир нече жолу болгон жол кырсыгына байланыштуу жана жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде, транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Ош мэриясы транспорт каражаттарынын айдоочуларынан өз маршруттарын алдын ала пландоону суранат. Ошондой эле аталган көчөлөрдүн кесилишине "Ош шаардык жолдору" ЖК тарабынан тиешелүү белгилер орнотулуп, жол сызыктары тартылган.

Пикир

Оставить комментарий