• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош: Бир жыл ичинде ири эл аралык иш-чаралар өтөт

Аймак 0

Бишкек, 09.02.19. /Кабар/. ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган.

Кечээ, 8-февралда Ош шаарынын мэриясында эл аралык деңгээлде өтүүчү иш-чараларды талкуулаган жыйын болуп өттү, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы .

Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, президенттин кеңешчиси Султан Раев, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Улуттук маданият борборунун башкы директору Жумакадыр Курмангазиев, режиссер Эген Чалабаев жана башкалар катышты.

Эл аралык иш-чаранын ачылышы апрель айына пландалып, ачылуу салтанатын жогорку деңгээлде өткөрүү керектиги айтылды. Ага чейин Ош шаарындагы маданий борборлор оңдоп-түзөөдөн өтүп, келген туристтерге шарт түзүү маселелери көтөрүлдү.

Ушул жыл ичинде шаарда түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ эл аралык иш-чаралар, фестивалдар жана спорттук оюндар өткөрүлмөкчү.

Театр фестивалын, кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы, акындардын эл аралык айтыштары, улуттук оюндар жана эл аралык илимий-практикалык конференциялар боло тургандыгы пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий