• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош-Бишкек унаа жолунда каза болгондордун өздүгү такталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.11.17./Кабар/. Ош-Бишкек унаа жолунда каза болгондордун өздүгү такталды,-деп кабарлашты ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Каза болгондордун тизмеси;

  • Камалдин Кадыржанов, 24 жаш, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • Фахриддин Абдувалиев, 29 жаш, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • Хусниддин Абдувалиев, 28 жаш, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • Кадыржан Навижанов, 23 жаш, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • Куштарбек Шабданов, 40 жаш, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну; -
  • Барнохан Аширова, 23 жаш, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • Акмолжан Разакулов, 28 жаш, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • Наврузхан Расулжан кызы, 22 жаш, жашаган жери такталууда;
  • Кадыржан Мамаджанов, 23 жаш, жашаган жери такталууда;

Каза болгон ымыркайдын өздүгү учурда такталууда.

Эске сала кетсек, 6-ноябрда Таш-Көмур шаарындагы Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болгон.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын орточо эсеп менен 3 адам каза болсо, жыйырмага жакыны ар түрдүү жаракаттарды алышат.

Пикир

Оставить комментарий