• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош-Бишкек жолунда 3 унаа кагылышып, 6 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. Ош-Бишкек унаа жолунда 14-сентябрда жол кырсыгы болуп, анда 6 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы Ош-Бишкек жолунун 480-чакырымында Ноокен районунун Достук айылында болгон. Мында «Ауди 100 С4», «Ауди 100» жана «Хундай-Портер» унаалары сүзүшкөн.

Натыйжада «Ауди 100» унаасындагы 6 адам каза болгон (5 адам жеринде көз жуумп, бирөө ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөн).

Каза болгондордун сөөгү Кочкор-Атадагы моргго жеткирилген.

«Хундай-Портер» унаасындагы жабыркаган жүргүнчү Шамалды-Сай ооруканасына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий