• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош-Бишкек жолунун тоолуу райондорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот

Коом 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. 1-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ маалыматы боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Ушандай абал Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий