• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Черемушки кичи районуна жаңы тротуар салынды

Аймак 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Ош шаарынын Черемушки кичи районуна узундугу 820 метр болгон жөө адамдар басуучу (тротуар) жолдун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди.

Тротуар Абдыкадыров көчөсүнүн оң тарабына курулган. Аталган көчөдөгү тротуар союз убагынан бери каралбай калган эле, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

"Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен тротуарга курулган мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда. Буга чейин Асранкулов көчөсүнө да жаңыдан тротуар салынган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий