• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Дагы бир аллеянын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун Төлөйкөн-12 көп кабаттуу үйүнүн артына кичи аллея курулат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, аллея шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун өткөн аптада ишкерлер менен сүйлөшүүсүнөн кийин башталган.

"Мэр мүмкүнчүлүгү бар ишкерлерди өз каалоолору менен шаардын абалын жакшыртууга чакырган. Бүгүндөн тарта аталган жайды курулуш иштерине даярдоо жумуштары жүрүүдө. Кичи аллея “Золотой квадрат” курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен курулат", - деп кабарлашты мэриядан.

Төлөйкөн 12-көп кабаттуу үйүнүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар мэрия тарабынан алынып салынган.

Эске салсак, Кулатов кичи районунун Б. Осмонов көчөсүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен узундугу 850 метрден ашуун аллеянын курулушу жүрүүдө.

Осмонов көчөсүнүн экинчи тарабына (Төлөйкөн кичи районунун аймагына) “Нурзаман” курулуш компаниясы да кичи аллея жана аялдама куруп берди.

Пикир

Оставить комментарий