• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош: Добуш сатып алууга шектелип талапкердин жакын тууганы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Ошто добуш сатып алууга шектелип дагы бир киши кармалды, - деп маалымдайт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, милицияга 8-июлда саат 23:30дар чамаларында жарандардын добуштарын сатып алууга шектүү катары 1991-жылы туулган Ош шаарына караштуу айылдарынын биринин тургуну К.Э. алынып келинген.

"Ал Ош шаарынын аймагында жергиликтүү кеӊештин шайлоосуна катышып жаткан бир партиянын кызыкчылыгы үчүн жарандардын добуштарын сатып алуу максатында шаар тургундарына атайын алдын ала түзүшкөн тизме менен 1,5 миң сомдон акча каражатын таратып жүргөндүгү маалым болгон. Алгачкы маалыматка ылайык, ал шайлоого катышып жаткан талапкердин жакын тууганы", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий