• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош: Дыйкан, фермерлер сууну үмөндөшү керек

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов дыйкандарды суунун ар бир литрин үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Анын айтымында, Ош облусунда суу боюнча көйгөй жаралбасы үчүн колдон келген аракеттер жумшалат.

"Биздин "Папан" суу сактагычында көйгөй жок, анда 135 млн куб суу бар. "Найман" суу сактагычында 16 млн куб суу бар. Былтыркы жылга караганда суу жакшы чогулганы менен күн ысык болуп жатат. Мындан улам дыйкан, фермерлер сууну үмөндөшү керек. Өзгөчө "Найман" суу сактагычынан суу алган Төө-Моюн аймагындагы дыйкандар", - дейт белгиледи Махаммадов.

Ал кошумчалагандай, Өзгөн, Куршаб жана Отуз-Адыр аймактарында суу жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий