• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош: "Эң мыкты долбоор" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Ош технологиялык университетинде “Мамлекеттик тил, илим, технология жана инновациялар" аталышында жаш илимпоздордун жана студенттердин II аймактык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференция Президентинтке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана Ош шаардык мэриясы тарабынан 2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Жыйынтыгында окутуучулар, аспиранттар, магистранттар, студенттер, окуучулар ортосунда жарыяланган "Эң мыкты долбоор" сынагынын жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий