• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен спортчуларга акчалай сыйлыктар берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрь КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларды куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, Өзбекстан республикасында өткөрүлгөн Бильярд спортунун Снукер түрү боюнча чемпиондукту багындырган Сыймык Ураимовго 50 миң сом, коло байге уткан Шаирбек Маматокторовго 20 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле, ХХ Эл аралык “Ысык-Көл оюндарында ” Ош облусунун 60 жаштан жогору эркектердин волейбол командасы биринчи орунду ээлеген. Аталган спортчуларга Зиядин Жамалдинов 15 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Ал эми “Алыш” бел күрөш боюнча чемпион болгон Роман Сапаров (60кг), Каныбек уулу Мыктыбеке (90кг) 5000 сомдон акчалай сыйлык берилди.

Мындан тышкары, Жамалдинов “АрМИ-2021” танкалык биатлон мелдешинде 1-орунду алган Ош гарнизонунун аскерлеринин кабыл алды. Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү менен биргеликте өткөрүлгөн эл аралык “АрМИ-2021” танкалык биатлон жана десанттык взвод мелдештеринде катышып, 1-орунду ээлеген Ош гарнизонунун аскер кызматкерлерин куттуктап, ар бирине 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана ардак граммоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий