• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Эл каттоого даярдык көрүүнүн жүрүшү боюнча жыйын болду

Аймак 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүнүн жүрүшү боюнча жыйын болду. Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана тиешелүү жетекчилер катышып, маалымат беришти, - деп кабарлашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Бул боюнча өкмөттүн атайын токтому кабыл алынган. Эл каттоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринен турган комиссиянын курамы түзүлүп, алдыга бир топ милдеттер коюлган.

Эл каттоо 10 жылда бир жолу болуучу республикалык деңгээлдеги иш-чара болуп саналат. Алдыдагы эл каттоо мурда өткөрүлгөн эл каттоодон айырмаланып, электрондук форматта өткөрүлөт. Ар бир үйгө барган каттоочулар тарабынан жашоочулар тууралуу алынган маалыматтар смартфондорго түшүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий