• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун күз-кыш мезгилине даярдык иштери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков Ош электр тармактар ишканасынын жана райондук электр тармактарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында 2022-2023-жылдарга күз-кыш мезгилинен авариясыз жана ийгиликтүү өтүү үчүн электр тармактардагы даярдыктар боюнча маселелер талкууланды.

Алтынбек Рысбеков өз сөзүндө калкка электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, кышка даярдык жогорку деңгээлде болуш керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле ишкана техникалык жактан бардык кырдаалга даяр болуп, атайын ыкчам бригадалык топтор түзүлүшүн катуу көзөмөлгө алуусун эскертти. "Райондук электр тармактарынын жетекчилерине "керектөөчүлөргө сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергия берүү үчүн алдын ала аракеттерди көрүп, бир да шаар, айыл, региондордо жарык үзгүлтүккө учурабашы керек", - деген талабын койду.

Жыйынтыгында райондук электр тармактардын жетекчилери аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий