• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош – Эркечтам жолунда кырсыктан 2 адам каза болуп, төртөө жабыркады

Коом 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Ош – Эркечтам унаа жолунда кырсыктан 2 адам каза болуп, төртөө жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 08:00дө Ош – Эркечтам унаа жолунда 1988-жылы туулган Б.Айткулов “Форд-Фокус” унаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып 1973-жылы туулган А.Рахмановдун башкаруусундагы “Хундай-Портер” менен кагышкан.

Кырсыктан улам “Форд-Фокуста” бара жаткан 1993-жылы туулган Бекмурза уулу Ж. окуя болгон жерде, ал эми 1978-жылы туулган А.Кубатбеков ооруканада каза болгон.

Мындан тышкары, эки унаадан 4 киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий