• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош-Эркештам унаа жолуна 2 ирет кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда 2017-жылдын 20-февралында саат 09:30 чамасында Ош-Сарыташ-Эркештам унаа жолунун 166-167-чакырымдарында (Талдык ашуусу) көлөмү болжол менен 1160 м³ кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 20-февралында саат 18:10 чамасында ошол эле унаа жолдун 168-чакырымында кайрадан көлөмү болжол менен 3780м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Жабыркагандар жок.

Райондук №960 жол тейлөө ишканасынан 1 унимок, 1 жүктөгүч тартылып, 166-167-чакырымдарымды саат 10:55де толук тазаланып, ал эми 168-чакырымды саат 20:10до толук тазаланып, ачылган.

Пикир

Оставить комментарий