• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош: ИИМдин коомдук кеңешмесинин көчмө жыйыны болду

Аймак 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Ош шаарында Ички Иштер министрлигинин коомдук кеңешмесинин жыйыны өтүп, коомдук кабылдаманын ишин жакшыртуу багытында сүйлөшүүлөр болду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйын бүгүн, 26-апрелде өткөн. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева, Рада Туманбаева, шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, ИИМдин коомдук кенешинин төрагасы Толкунбек Исаков, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ИИМдин жети областагы башкармалыктарынын өкүлдөрү, аймактык кенештердин төрагалары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү келип катышышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев көчмө жыйынга ийгилик каалап, эл муктаждыгына көчмө коомдук кабылдамалар чоң жардамын тийгизип жаткандыгын белгилеп өттү. Ошондойэле, эл коопсуздугун сактоого, эл менен милициянын ортосундагы байланышты чыңалтууда жигердүү салымын кошуп жаткандыгын кошумчалады.

Көчмө жыйында коомдук тартип, коомдук кеңешменин ишмердүүлүгүн илгерилетүү боюнча сөздөр ортого салынды.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында коомдук кабылдам 4 унаа менен камсыздалып, иш жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий